Комиссия АКШ өкмөтүн Тажикстандагы диний эркиндикти одоно бузган мамлекеттик органдарга жана аткаминерлерге каршы максаттуу санкцияларды киргизүүгө чакырды.
Тажик бийлиги бул билдирүүгө азырынча жооп бере элек, бирок өлкөнүн Дин иштери боюнча комитети быйыл январь айында өлкөдөгү дин тутуу эркиндигинин абалын жакшы экенин билдирген.
USCIRF тажик бийлигин:
• Экстремизмге каршы күрөш шылтоосу менен оппозициячыларды жана Эмомали Рахмондун өкмөтүн сындагандарды жазалоо;
• Тажикстандын Куралдуу күчтөрүнө чакыруу планынын аткарылбаганы үчүн мечиттерди жабуу;
• Тоолуу Бадахшан автоном облусунда Ага Хан менен байланышкан айрым объектилердин ишмердүүлүгүн чектөө;
• "Жахаба Күбөлөрүнүн" ишмердүүлүгүнө тыюу салуу ж.б. үчүн сындап келет.
USCIRF АКШнын Мамлекеттик департаментин Тажикстанды башка 16 өлкө менен бирге "өзгөчө тынчсыздануу жараткан" өлкөлөрдүн кызыл тизмесине киргизүүгө чакырды. Анткени бул өлкөлөрдүн өкмөттөрү дин тутуу же ишеним эркиндиги укугун олуттуу бузган жана бузууга жол берген. Бул тизмеге Тажикстандан тышкары Бирма, Кытай, Куба, Никарагуа, Түндүк Корея, Пакистан, Орусия, Сауд Арабиясы, Түркмөнстан, Вьетнам жана башка мамлекеттер кирген.