Журналист тыюу салуу анын Самарканд менен Бухарадагы тажик активисттери жана тил маселеси тууралуу видеолоруна байланыштуу деп эсептейт. Ал тыюунун себептери тууралуу расмий түшүндүрмө алууга аракет кылган, бирок майнап чыккан эмес.
Умриддин акыркы жылдары Өзбекстандын мыйзамдарын бузбаганын айтууда.
Ислам Каримовдун тушунда Тажикстандын жарандары үчүн Өзбекстанга баруу, ошондой эле Өзбекстандын жарандары үчүн Тажикстанга кирүү өтө кыйын жана көпчүлүк учурда мүмкүн эмес болгон. Бирок акыркы сегиз жылдын ичинде эки коңшу мамлекеттин жарандарынын визалык да, визасыз да өз ара сапарлары бир нече эсеге көбөйдү.