Курмашеванын адвокаты аны ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарууну өтүнгөн. Судья Ольга Мигунова арызды четке какты.
Маалыматка караганда, журналисттин камактагы мөөнөтү бир күнгө – 4-апрелге чейин кыскартылды.
Курмашева өткөн жылдын 18-октябрынан бери тергөө абагында камакта отурат. Ал "чет элдик агенттердин тизмесине катталган эмес" деп айыпталууда.
АКШнын жана Орусиянын жараны, татар-башкыр редакциясында 25 жылдан ашуун эмгектенген Алсу Курмашева былтыр май айында үй-бүлөлүк иштери менен Прагадан Орусияга барып, июнда кайра кайтып жаткан учурда аны аэропорттон кармап, эки паспортун тең алып коюшкан.
"Эркин Европа/Азаттык" радиосу жана көптөгөн эл аралык укук коргоо уюмдары Курмашевага коюлган айыптарды саясий деп атап, аны көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарына басым көрсөтүү катары баалашкан.
Орусиянын "Мемориал" укук коргоо уюму Курмашеваны саясий туткун деп тааныган.
Курмашева өзүнө тагылган айыптарды четке кагууда.