Уруксаттын берилиши менен британ дүкөндөрүндө лабораториялык жол менен жасалган тооктун эти сатыла баштайт. Мындай этти өндүрүү үчүн жумуртканын препараты алынып, витаминдер жана аминокислоталар менен байытылып, атайын идиштерде өстүрүлөт.
Жаныбарларга бериле турган алгачкы эттер быйыл эле сатыкка чыгат деп күтүлүүдө. Кийин чыгашаларды азайтуу максатында аны жер-жемиштер менен аралаштырып, өндүрүштүк темпке өтүү каралууда.
Лабораториялык жол менен жасалган эт суроо-талапка ээ болот деп болжолдонууда. Анткени бүгүнкү күндө адамдардын көбү этикалык жана экологиялык себептерден улам жаныбарларына өлгөн малдын этин берүү-бербөө боюнча баш оорутуп жатышат. Жаныбарларды эт менен багуу индустриясы атмосферага күндүн глобалдык ысышына таасир эте тургандай көлөмдө парник газын чыгарууда.
Дүйнөдө түрдүү өлкөлөрдөгү жүздөн ашык компания жасалма эттен азыктарды өндүрүп келишет. Бирок азырынча алардын продукцияларын сатууга Сингапурда, АКШда жана Израилде гана уруксат берилген.