Ссылки доступа

Вашингтондо түркмөн активисттерин жана туткундарын колдогон митингдер өттү


Правозащитники: Турция выдает Туркменистану активистов
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:00:51 0:00

31-июлда Вашингтондо эки митинг болуп, анда түркмөн саясий туткундарынын маселеси көтөрүлдү. Бул тууралуу Turkmen.news кабарлады. Митингдердин бири Түркиянын элчилигинин алдында, экинчиси Түркмөнстандын элчилигинин алдында өттү.

Түркия элчилигинин алдына чогулган активисттер дипломаттарды Түркмөнстандын коопсуздук кызматы менен кызматташпоого чакырышты. Алар: «Эл газдан кымбат», «Ататүрктүн мурасына чыккынчылык кылбагыла» деген ураандарды кыйкырып жатышты.

Митингдин жүрүшүндө Түркияда камакка алынып, Түркмөнстанга депортацияланган активисттердин ысымдары аталды.

Түркмөн элчилигинин алдындагы митингде түркмөн саясий туткундары да эскерилди, анын ичинде 22 жылга кесилип, айыккыс дарт менен түрмөнүн ооруканасында жаткан Мансур Мингелов да бар.

Бул митингдерге түркмөн бийлиги да, түрк бийлиги да жооп кайтарган жок.

XS
SM
MD
LG