Ссылки доступа

Түркмөнстанда банктар жарандарга насыя берүүдөн баш тарткан учурлар көбөйдү


Түркмөнстанда жарандардын банктардан насыя алуу мүмкүнчүлүгү кыскарууда. Коммерциялык банктарда жарандардын насыя алуу өтүнүчү көп учурда канааттандырылбайт.

«Азаттыктын» түркмөн кызматынын кабарчыларынын айтымында, мындай көрүнүштөр Ашхабад менен Балканабадда көп катталууда.

Ашхабаддагы кабарчынын банк тармагындагы булактарына таянуу менен билдиргенине караганда, коммерциялык банктардын кредиттик бөлүмдөрүнүн жетекчилери насыя алуу үчүн кайрылган жарандардын арыздарын четке кагууда.

Буга кардарлардын насыяларды төлөбөгөн учурларынын көбөйүшү себеп болуп жатканы айтылды.

Банк тармагындагы анонимдүү булактардын айтымында, насыя алып, төлөбөй калган жарандардын тизмеси түзүлүүдө. Бул тизме узарып, ушул себептен улам мурда насыя албаган же өз убагында төлөм жүргүзгөн жарандарга да насыя берилбей калууда.

Кырдаал Түркмөнстандагы социалдык-экономикалык кризистин фонунда пайда болду. Узакка созулган экономикалык көйгөйлөр калктын жашоо деңгээлинин төмөндөшүнө жана алардын финансылык абалынын начарлашына алып келүүдө. Бирок түркмөн өкмөтү каатчылык өкүм сүрүп жатканын расмий түрдө мойнуна ала элек.

XS
SM
MD
LG