Бул беренеде 8 жылдан 12 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу түрүндөгү жаза каралган.
"Ал бир нече жыл мурун Хожент шаарынын тургунунун ишенимине кирип, андан төрт кабаттуу дүкөндү сатуу үчүн 320 миң доллар алганы аныкталган. Бирок кийин ал бул дүкөндү башка адамга сатып, алгачкы төлөмдү кайтарып берген эмес", - деди Шарифов.
Муким Ашуров тууралуу коомчулукта маалымат аз. Ачык булактарда Бобожон Гафуров районунун тургуну экени белгилүү. "Фейсбук" социалдык тармагында Муким Ашуровдун наамындагы аккаунт табылды, анда жашаган жери Хожент шаары, ал эми ээлеген кызматы "Спутник" туристтик компаниясынын директору экени көрсөтүлгөн.
Аны өлкөнүн премьер-министри Кохир Расулзоданын кудасы деп аташат. Кармалган жарандын уулу Парвиз Ашуров бул жогорку даражалуу чиновниктин тун кызына үйлөнгөн.
Муким Ашуровдун кармалышы Кохир Расулзоданын айрым жакын туугандарынын Дубай, Душанбе жана Хоженттеги мүлктөрү тууралуу журналисттик иликтөө жарыялангандан кийин болууда. Бул материал социалдык тармактардын тажик сегментинде чоң резонанс жараткан.