Ссылки доступа

Тажикстанда суюлтулган газ 30% кымбаттады


Тажикстанда акыркы эки аптанын ичинде суюлтулган газдын баасы дароо 30 пайызга – беш сомони 60 дирамдан (52 цент) жети сомони 20 дирамга чейин жогорулады.

Өлкөнүн монополияга каршы кызматы баалардын жогорулашы ар жылкы убактылуу көрүнүш экенин, ага тышкы факторлор таасир этип жатканын билдирди.

"Биз суюлтулган газ экспорттогон өлкөнүн өндүрүүчү заводдорунда пландык оңдоо иштери жүрүп жатканы жөнүндө маалыматтар бар. Бизге газдын дээрлик 95% Казакстандан келет", – деди мекеменин төрага орун басары Сафарали Курбонзода.

Экономисттер баанын кескин жогорулашын газ сатып алуудагы бир гана өлкөгө болгон көз карандылык менен байланыштырып жатышат. Мындан тышкары буга Тажикстандагы айрым импорттоочу компаниялардын монополиялык абалы да таасир этип жатканы айтылып келет.

Тажикстан өлкө жарандары керектеген суюлтулган газдын дээрлик бардыгын чет өлкөлөрдөн импорттойт. 2024-жылдын алгачкы алты айында өлкө сырттан 200 миң тонна газ сатып алган.

XS
SM
MD
LG