Ссылки доступа

Стамбулда Латын Америкасына бара жаткан орусиялыктар транзиттик каттамдардан алынууда


Орусиянын Түркиядагы элчилиги Turkish Airlines авиакомпаниясы менен Латын Америкасына баратканда транзиттик каттамдардан алынып жаткан орусиялыктар үчүн сунуштамаларды жарыялады.

Орусиялык дипломаттар бул көрүнүштү "системалык түргө" өткөн олуттуу көйгөй деп мүнөздөөдө. Элчиликтин басма сөз кызматы Түркиянын Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлгөн расмий нотага эч кандай "так түшүндүргөн реакция" болбой жатканын билдирди.

Shot Телеграм-каналынын маалыматына караганда, соңку айларда Түркиядан Латын Америкасына учуп кете албай калган орусиялыктардын саны миңге жакындады.

Мексикага жана Латын Американын башка өлкөлөрүнө Turkish Airlines менен Стамбул аркылуу жетүүдөгү кыйынчылыктарга Орусия жарандары быйыл февраль айынын соңунан тартып кабыла башташкан. Авиакомпания буга Латын Америка өлкөлөрү орусиялыктарга карата киргизген катаал эрежелер себеп экенин билдирүүдө.

Талдоочулардын пикиринде, авиакомпания жүргүнчүлөр турист эмес, Мексика аркылуу АКШга бараткан мигранттар болушу ыктымал деп кооптонууда. Анткени эгер Миграция кызматы жүргүнчүнү өлкөгө киргизбей койсо, анын кайра кете турган жол киресин жеткирип барган авиакомпания төлөөгө милдеттүү болуп калат.

Орусиянын Туроператорлор ассоциациясы орусиялык жүргүнчүлөрдү Turkish Airlines авиакомпаниясынын кызматын колдонбоого ушул айдын башында чакырган.

XS
SM
MD
LG