Израилдин соккусунан ХАМАСтын башкаруу -көзөмөл борборундагы башка бир нече террорист да өлдү. Борбор Газа шаарындагы “Хасан Саламе” жана “Насер” мектептеринде жайгашкан. Бул тууралуу Израилдин Коргоо күчтөрү дүйшөмбү күнү кечинде билдирди.
Азиз былтыр 7-октябрда Израилге жасалган чабуулду пландоодо чоң роль ойногон жана “Аль-Фуркан” батальонунун даярдыгын жана машыгуусун көзөмөлдөгөн.
"Аль-Фуркан" батальонунун командиринин жок кылынышы ХАМАС террордук тобунун согуштук жигердүүлүгүн бир топ төмөндөтөт, деп баса белгиленет Израилдин коргонуу күчтөрү билдирүүсүндө.
31-июлга караган түнү ХАМАСтын саясий лидери Исмаил Хания Тегеранда ракеталык чабуулдан каза тапкан. Иран жетекчилиги Ханиянын өлүмүнө жооп кайтарууга убада берген.