Орусияга кирген чет өлкөлүктөрдүн үчтөн бири Тажикстанга, 10% Кыргызстанга, 9 пайыздан Украинага, Арменияга, Казакстанга жана 4% Өзбекстанга туура келет. Мындан тышкары Орусияга Беларустан, Кытайдан, Түркмөнстандан, Индиядан жана башка өлкөлөрдөн мигранттар барган.
2023-жылы Орусияга баргандардын 55% эркектер, 45% аялдар болсо, көбүн (76%) эмгекке жарамдуу курактагылар түзгөн. Алардын үчтөн бири гана өлкөгө иштөө максатында келгенин билдиришкен.
Былтыр Москва жана Тюмень облустары, ошондой эле Ханты-Мансийск автоном округу баарынан көп мигранттарды кабыл алышкан. Өлкөгө кирген мигранттардын 57% ушул аймактарга туура келген.
Өткөн жумада Орусиянын Томск облусунда мигранттарга такси, коомдук тамактануу жана билим берүү тармагы баштаган бир катар жумуштарда иштөөгө тыюу салынган. Муну менен Томск мигранттарга мындай чектөөлөр кирген Орусиянын 14-аймагы болуп калды.
Быйыл жазында Москва облусундагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында болгон теракттан кийин Орусияда мигранттарга карата ксенофобиялык маанай күчөгөн.