Ссылки доступа

Орусияда таксиде иштеген мигранттар иштен жапырт кетишүүдө (видео)


"Тоже собираюсь уехать из России в течение месяца": мигранты больше не хотят работать в такси в Москве
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:51 0:00

“Яндекс” 2024-жылдын аягына чейин айдоочу тартыштыгы 130 миң адамды түзөрүн кабарлайт. Такси агрегатору кадр жетишсиздиги миграциялык саясаттын катаалдашы жана такси ишмердигин жөнгө салуу аракетинен улам пайда болгонун белгилейт.

Бүгүнкү күндө Орусиянын 19 аймагында мигранттардын жүргүнчү ташып иштөөсүнө чектөө киргизилген. Мындан сырткары “Такси жөнүндө” мыйзам толукталып, жүргүнчүлөрдүн өмүрү жана ден соолугу үчүн айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүү боюнча милдеттүү камсыздандыруу киргизилди. Документ 2024-жылдын 1-сентябрынан тарта күчүндө. Ага ылайык, такси айдоочулары жүргүнчүлөрдү камсыздандыруу полисин өз чөнтөгүнөн сатып алышат. Бул көптөгөн такси айдоочуларын тармактан кетүүгө түрткөнү айтылууда.

“Крокус Сити Холлдогу” кандуу окуядан кийин Орусия мигранттарга карата кысым-басымды күчөткөн. Быйылкы жылдын 7 айында 100 миңдей мигрант депортацияланган. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 50 пайыздан жогору.

Такси тармагынан тышкары Орусияда көчө тазалаган кызматкерлер, сантехниктер жана туризм чөйрөсүндө кадр жетишсиздиги бар экени кабарланган.

XS
SM
MD
LG