Ссылки доступа

Лукашенконун сөзүнөн кийин Беларус элчилиги Казакстан ТИМине чакыртылды


Казакстандын Тышкы иштер министрлигине Беларустун элчиси Павел Утюпин чакыртылды. Бул тууралуу 21-августтун кечинде Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Беларустун Астанадагы элчиси Павел Утюпин Казакстандын Тышкы иштер министрлигине Александр Лукашенко Орусиянын мамлекеттик телеканалына берген маегинде: “КМШ Орусиядан бир нерсе алгысы келет, бирок анын ордуна эч нерсе бергиси келбейт”, - деп айткандан кийин чакыртылды.

"Казакстан БУУнун Уставына жана эл аралык укуктун фундаменталдык нормаларына ылайык, тең салмактуу жана тынчтыкты жактаган тышкы саясатты жүргүзөт", - деди Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин башчысынын орун басары Мурат Нуртлеу.

Астана азыркы геосаясий шарттарда казак бийлиги жүргүзгөн тышкы саясий курс өзүнүн натыйжалуулугун далилдегенин баса белгиледи.

Александр Лукашенко "Россия" телеканалына берген маегинде бир катар постсоветтик республикалардын, анын ичинде Казакстандын тышкы саясатын сынга алган.

"Биз кээ бир постсоветтик мамлекеттерге окшоп ойноктоп жаткан жокпуз, Орусиядан бир нерсе алгылары келет, бирок анын ордуна эч нерсе бергилери келбейт. Келгиле, чогуу бололу. Орусияга келип, колдоо жана жардам сурай турган мезгил алыс эмес", - деген саясатчы.

Лукашенко ошондой эле “Казакстанда бир нерсе болгондо” Астана Кытайга, Индияга же Пакистанга эмес, Москва менен Минскиге кайрылганын белгиледи.

"Мына, "Путин, Лукашенко, жардам бер!" деди. Биз ал жакка (ЖККУнун бейпилдик күчтөрүн) жарым күндүн ичинде жөнөттүк – Казакстанга биздин учактар конушту. Тынчыттык", - деп баса белгиледи ал.

Александр Лукашенконун Орусиянын мамлекеттик телеканалына берген маегине Ереван да реакция кылды. Саясатчынын армяндар "бизден башка эч кимге керек эмес" деген сөзүнө жооп кылып, алар Беларустун элчилигинин имаратына жумуртка, помидор жана картошка ыргытышкан.

XS
SM
MD
LG