Ссылки доступа

Муфтият менен аял-эркек мамилесин айткан блогердин чыры (видео)


"Секс вне брака не грех?" В Кыргызстане скандал между Духовным управлением мусульман и секс-блогеркой
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:24 0:00

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын блогер Айнура Сагынбаева тууралуу билдирүүсү коомчулукта ар кыл пикир жаратты. Муфтият Сагынбаеваны дин жөнүндөгү айрым пикири менен "исламды ачык бурмалап жатат" деп айыптап, мындай сөздөрүн токтотпосо, тиешелүү органдарга кайрылышарын эскерткен.

Коомчулукта, социалдык тармактарда блогерди айыптагандар да, колдогондор да болууда. Ошол эле маалда муфтият буга чейин айрыкча аялдарга жана балдарга карата жасалган зомбулукка, зөөкүрлүккө, төбө чачты тик тургузган окуяларга үн катпай келип, бир блогердин сөзүнө маани бергенин сындагандар, Кыргызстан светтик өлкө экенин айткандар да болууда.

Социалдык тармактарда өзүн косметолог, психолог жана сексолог катары таанытып жүргөн блогер Айнура Сагынбаева соңку кездери дин тууралуу пикирин, түшүндүрмөсүн айтып, кеп-кеңеш берген чакан видеолорду жарыялай баштаган. Акыркы видеолорунун биринде эркектер никесиз жыныстык катнашка барса күнөөгө жатпасын белгилеп, ал ириде анын "саламаттыгы үчүн керек" дегендей оюн айткан.

Мындан көп өтпөй Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы Сагынбаева тууралуу Фейсбуктагы расмий баракчасына чакан билдирүү жазган. Анда блогердин дин тууралуу пикири "исламды ачык бурмалоого жатарын" белгилеп, эгер мындай сөздөрдү токтотпосо тиешелүү органдарга кайрылышарын эскерткен.

"Анын коомдун, өзгөчө жаш өспүрүмдөрдүн адеп-ахлактык баалуулугуна каршы билдирген ойлору таптакыр орунсуз. Сагынбаеванын ислам эрежелерине жана нарк-насил нормаларына туура келбеген пикирлери көпчүлүктү тынчсыздантууда. Анткени кээ бир ойлору ыймандан ажыроого алып барат. Эгер аталган жаран шарият негиздерине жана улуттук наркка сыйбаган субъективдүү ойлорун айтууну токтотпосо, тиешелүү органдарга кайрылууга мажбур болобуз", - деп эскерткен муфтият.

Айнура Сагынбаеванын Инстаграмдагы баракчасына 740 миңден ашык, Фейсбукта 64 миң адам жазылган. Ютубдагы видеолорун миңдеген адам көрөт.

Блогер муфтияттын эскертүүсүнөн кийин "жазган билдирүүлөрүн өчүрүп, ТикТокту жабарын" билдирген.

"Бирок аны менен чындык жабылбайт. Чындык ошол бойдон калат. Мага эмне түрткү болду? Коомдогу көп нерсеге көзүм ачылды, бирок үн чыгарбай коюшка мүнөзүм жол бербеди. Психологияны изилдөөнү токтотпойм, мындан дагы катуу изилденем. Курандын дагы арабча оригиналын өзүм котортуп окуйм. Чынында менин оюм коомго ушунча таасирдүү, маанилүү экенин билген эмесмин", - деп жазган ал Фейсбуктагы баракчасына.

Сагынбаева "Настоящее время" телеканалына берген комментарийинде жыныстык катнаш тууралуу видеосунда "күнөө эмес" деген сөзү ката, ашыкча болгонун мойнуна алды. Муфтияттын ал тууралуу билдирүүсүн "өзүн пиар кылгысы келген адамдардын аракети" деп сыпаттады:

"Мен башында психолог катары блог алып бара баштагам. Акырындап отуруп биздин өлкөдө үй-бүлөлүк жашоого байланыштуу бир топ маселе бар экенин, ажырашуулар көп болуп жатканын түшүндүм. Бул тармакта төрт жылдан бери алектенем. Мага төрт жылдан бери жеке кат куржунума көп эркектерден кайрылуу келет. Биринчи кезекте сексуалдык сабатсыздыктан улам ушундай маселелер бар экенин түшүндүм. Азыр бул тармакта менден башка эч ким кыргыз тилинде мындай маалымат бербейт. Муфтияттан ушундай реакция болорун боолгологом. Кайсы бир өзүн менин эсебимден пиар кылгысы келген адамдар өз максатына жетип, муфтият ушундай чарага барууга аргасыз болду деп ойлойм. Мисалы, мага байланыштуу муфтиятка кайрылган адамдардын бирине жекече кат жазып кайрылдым, ага жолугуп, бул жагдайды талкуулоону сунуштадым. Ал мага жооп берген жок, блоктоп салды. Мындан улам алардын максаты адамдарды ишенимге чакыруу эмес, пиар кылуу экенин түшүндүм. Мен азыркы жагдайды талдап жатып "күнөө эмес" деген сөздөн жаңылганымды түшүндүм. Чынында эле динге ишенген адамдардын аң-сезимине өтө этият мамиле кылуу керек. Балким, мен "күнөө эмес" дегендин ордуна "керек" деп айтып койсом жетиштүү болмок".

Юрист, укук коргоочу Эржан Сулайман Сагынбаеванын видеодогу айрым сөздөрүн, мисалы "кыздарга баруу" чакырыгын басмырлоо деп эсептейт. Ошол эле маалда ал Мусулмандар дин башкармалыгынын реакциясы да башкача болушу керек экенин белгиледи.

"Сексуалдык мамилелердин контекстинен алып караганда, эркектерди ден соолугун сактоо үчүн кыздарга барууга чакырганы - кыздарды кемсинтет деп эсептейм. Бул жерде муфтият да сотко кайрылабыз деп коркутпастан, маселе боюнча Исламга негизделген өз позициясын билдирип коюш керек болчу", – деди Эржан Сулайман.

Юристтер сөз эркиндиги жөнүндө да унутпоо керектигин, блогер өз баракчасы аркылуу жеке пикирин билдиргенин белгилеп жатышат. Алардын пикиринде, муфтияттын блогердин сөздөрүнө карата жасаган реакциясы "аша чапкандык" болду.

"Жеке мен блогер Айнура Сагынбаеванын аракеттеринен кайсы бир диний ишмерге карата душмандыктын элементтерин көргөн жокмун. Ал көбүнчө медицина адисинин позициясын айткан. Социалдык түйүндөрдө мындай идеяларды айткан башка да блогерлер, ишмерлер бар, баарына бирдей мамиле болушу зарыл. Муфтият Сагынбаевага гана эмес, башкаларга карата да доо арыз бериши керек болот", – деди юрист Таттуубүбү Эргешбаева.

XS
SM
MD
LG