Уюштуруучулардын айтымында, бул добуштарды эсептөөнү жөнөкөйлөтүп, шайлоочулардын жашоосун жеңилдетет: эл шайлоо тилкелерине келбей эле интернет байланышы бар жерде компьютер же смартфон аркылуу президентти же депутаттарды шайлай алат. Кыргызстанда бул жүз миңдеген ички жана тышкы мигранттар үчүн абдан ыңгайлуу болмок: алар жер шарынын каалаган жеринен добуш берүүгө катыша алышат.
Кыргызстанда аралыктан электрондук добуш берүү системасын киргизүү талкуланып жатканын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
"Эгерде Кыргызстандын парламенти жана жарандары аралыктан электрондук добуш берүүнү чечсе, бул модель ишке киргизилет. Өткөн жылы бул сыяктуу система жергиликтүү бийлик органдарына шайлоодо сыноодон өткөн. Электрондук добуш берүү – шайлоону башкаруунун электрондук программаларын ишке ашыруу комплексинин кийинки баскычы болушу керек", - деди ал.
2023-жылдын жазында БШК Баткен облусунун үч айыл аймагында жергиликтүү бийликтин депутаттарын шайлоодо электрондук добуш берүү системасын пилоттук түрдө сынап көргөн. Анда добуш берүүчүлөрдүн саны 100% түзгөнү айтылган. Кызыгы, 2021-жылдагы президентти шайлоодо жалпы шайлоочулардын 39% гана добуш берүүгө катышкан.
Система Орусияда да ушундай эле жыйынтык көрсөттү: Аталган өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, март айындагы президенттик шайлоодо дээрлик 4,5 миллион орусиялык электрондук добуш берүү платформасын колдонгон. Бул аянтчада шайлоочулардын катышуусу рекорддук көрсөткүчтү – 94% түздү.
Бирок көз карандысыз эксперттер электрондук добуш берүү шайлоочулар процедуранын уюштуруучуларына ишеним көрсөтсө гана иштей турганын баса белгилешет. Шайлоо укуктары боюнча адис Канышай Мамытова онлайн добуш берүүнү колдонууда Эстония ийгиликтүү тажырыйбага ээ экенин билдирди. Ал жакта бул платформада шайлоо 2007-жылдан бери өткөрүлүп, программалык камсыздоонун ачкычы Борбордук шайлоо комиссиясына гана эмес, башка көз карандысыз байкоочу уюмдарга да берилген.
Орусияда мындай нерсе жок: аралыктан электрондук добуш берүү системасы толугу менен ачык-айкын эмес. Кыргызстанда да ушундай көрүнүш болушу мүмкүн. Жакында өлкөдө “чет элдик агенттер” жөнүндө мыйзам кабыл алынды: ага ылайык, бейөкмөт уюмдар Орусиядагыдай эле шайлоо жараяндарына байкоо жүргүзүү укугунан ажырашы ыктымал.