Ссылки доступа

Орусиянын Курск облусунда мигранттарга таксиде иштөөгө тыюу салынды


Орусиянын Курск облусунда мигранттарга таксиде иштөөгө тыюу салынды. Тиешелүү токтомго облус губернатору Роман Старовойт кол койду.

Старовойт облус тургундарынын арасында сурамжылоо жүргүзгөнүн, ага 42 миң киши катышып, 82% "ооба" деген добушун бергенин Телеграмга жазды.

"Башка тармактар боюнча абалды анализдеп көрөбүз. Бирок Курск облусунда мигранттар анча көп эмес. Ар бир адамда мыйзамга ылайык Орусиянын жарандыгын алуу, каалаган тармагында иштөөнү улантуу мүмкүнчүлүгү бар", - деди губернатор.

Буга чейин Новосибирск облусунда эмгек мигранттарына таксист же ичимдик жана тамеки сатуучу болуп иштөөгө, Камчатка крайында патент менен иштеген мигранттарга таксист болууга тыюу салынган.

22-марттын кечинде Москвадан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Красногорск шаарында "Крокус Сити Холл" борборунун 6 миңдей көрүүчүгө эсептелген концерттик залында отургандарга кол салуу болгон. Кеминде төрт киши автоматчан кирип барып, адамдарды аткан жана өрт койгон видеолор тараган. Кеминде 145 адамдын өмүрүн алган кол салууга шектелип кармалган ондон ашуун кишинин көбү теги тажикстандык экени аныкталган. Бул окуядан кийин Орусиянын ар кайсы аймактарында чет элдик жумушчулар жашаган жана иштеген жерлерде текшерүү күчөгөн.

Орусияда тажикстандык эмгек мигранттары боюнча абал оор деп мүнөздөлүп жатканы 30-апрелде Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддиндин Орусиянын башкы дипломаты Сергей Лавров менен сүйлөшүүсүндө белгиленген.

Жети миллионго жакын калкы бар Кыргызстандын да миллионго чукул жараны Орусияда эмгек мигранты болуп жүргөнү айтылып келет.

XS
SM
MD
LG