Ссылки доступа

Казакстанда бийликти сындаган журналисттер кысымга кабылууда (видео)


Казакстанда суу ташкындары тууралуу сын материал жазган журналисттер бийликтин кысымына туш болуп жатканын кабарлашты.

25-апрелде оролдук журналист Рауль Упаровго аймактык тескөөчү келип, анын жеке баракчасындагы видео өзгөчө кырдаалдар департаментине жакпай жатканын айткан. Бул видеодо Упоров Батыш Казакстан облусундагы суу ташкындары тууралуу айтып, кырсыктын алдын албаганы үчүн Орол бийлигин сындаган.

30-апрелде Орал шаарынын административдик соту журналист Раул Упоровго «Майда бейбаштык» беренеси боюнча 73 840 теңге (160 доллардан ашык) айып пул салган.

Журналист Батыш Казакстан облусунун Өзгөчө кырдаалдар департаментине акарат келтиргени үчүн айыпталган.

26-марттан бери Казакстандын түндүгүндө жана батышында сел жүргөн аймактарда абал оорлоп, Абай, Актөбө, Акмоло, Атырау, Батыш Казакстан, Түндүк Казакстан, Костанай жана Павлодар - жалпысынан 10 облуста өзгөчө кырдаал режими жарыяланган. 120 миңдей киши эвакуацияланган, 7 миңден ашуун үйдү суу каптаган.

Дарыялар ташкындап, суу кирген аймактарда кеминде жети киши каза болду.

XS
SM
MD
LG