Египеттин борбору Каир шаарындагы сүйлөшүүлөрдө ХАМАС менен Израил макулдашууга келет деп күтүлүп жаткан. Элдешүүнүн шарттары эки негизги пункттан турган: Израил тарап ок атууну токтотуп, ХАМАС былтыр 7-октябрдагы кол салуу маалында барымтага алган адамдарды бошотушу керек болчу.
Дүйшөмбү күнү палестин тараптын расмий өкүлү Израилдин сунушунан баш тартканын жарыялагандан кийин израил өкмөтүнүн башчысы Биньямин Нетаньяху Рафах шаарында операция башталарын билдирди. Бирок ал операция баштала турган датаны так айткан жок.
Reuters агенттиги белгилегендей, акыркы айларда Рафах Газа тилкесиндеги аскердик аракеттерден жашырынып жаткан палестиналыктар үчүн "акыркы баш калкалоочу жер" болуп калган.
7-апрелде Израил менен ХАМАС Египетке өз делегацияларын жөнөткөн. Мындан тышкары Каирге ортомчу катары Египет менен Катардын өкүлдөрү, ошондой эле ЦРУнун директору Уильям Бёрнс да барган.