Кушониен районундагы Орзу айылынын 54 жаштагы тургуну Давлатали Муминов убактысынын көбүн айыл чарба шаймандарын жасаган цехинде өткөрөт. Ал бул жайды 2012-жылы, абактан чыккандан бир жыл өткөндөн кийин ачкан.
Анын айтымында, эркиндикке чыккандан кийин нормалдуу жашоого кайтуу оор болгон. Отуруп чыккан деген сөздөрдөн улам аны эч жакка жумушка албай, акча табууда кыйналган.
"Түрмөдөн чыккандан кийин мени менен иттин да сүйлөшкүсү келген эмес деп айтсам болот. Мен мунун баарын башыман өткөргөндөн кийин отуруп чыккандарга жумуш табууга жардам берүүнү чечкем. Бул алардын өздөрүн ыңгайсыз сезбеши, уялбашы, эң башкысы акчага муктаж болбошу үчүн зарыл", – деди Давлатали.
Ал жетектеген цех анчалык чоң эмес, бирок социалдык ишкер катары ал өзүнүкүнө окшош тагдырга кабылган адамдарга жардам берип келет.
"Абактан чыккан адамдар кадимки жашоого кайтууну каалап, айрымдары айыл чарбасы менен алектенишет. Мен аларга шаймандарды карызга берип, иш баштоосуна көмөктөшөм. Айрымдарына кайтарымсыз да жардам берем. Бирок бул үчүн алар милдеттүү түрдө иштейм деп убада бериши керек", – дейт ал.
Давлаталини "Адам укуктарынын жана мыйзамдуулуктун сакталышы боюнча бюро" аттуу коомдук уюм окуудан өткөрүп, соңунда ага ширетүүчү аппарат белек кылган. Аны менен чогуу жалпысынан түрмөгө отуруп чыккан жети киши окуудан өткөн. Арасында аялдар да болгон.
Акыркы жылдары "Адам укуктарынын жана мыйзамдуулуктун сакталышы боюнча бюрого" документтерди тууралоого жана жумушка орноштурууга жардам сурап абактан чыккан 50 киши кайрылган.