Туугандары сот жараянына катышууга аракет кылышкан, бирок ага катышууга уруксат берилген эмес. Уюмдун активисттери сот жараяны адам укуктарынын бузулушунун жана тажик бийлигинин саясий кысымынын мисалы экенин айтышууда.
Эки активист тең мурда Түркияда жашап, быйыл кармалган. Аларга конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө интернет аркылуу чакырык жасаган деген айып тагылган. “Группа 24” муну негизсиз деп эсептейт.
Бул топту 2015-жылы өлтүрүлгөн Умарали Кувватов негиздеген жана Тажикстанда экстремисттик деп табылган.