Ссылки доступа

"Тажикстандын элдик-демократиялык партиясынын" төрагасы алмашты


11-майда Душанбе шаарында өткөн "Тажикстандын элдик-демократиялык партиясынын" кезексиз 18-курултайында саясий уюмдун жаңы лидери шайланды.

Курултайдын делегаттарынын чечими менен Садиджафар Усмонзода партиянын төрагасы кызматынан алынып, анын ордуна Шахбози Аброр шайланды.

"Озоди" радиосунун маалыматына караганда, партиянын төрагалыгына эки кишинин талапкерлиги көрсөтүлгөн. Добуш берүүнүн жыйынтыгында Шахбози Аброр 64, Абдуджаббор Юлдошев сегиз делегаттын колдоосуна ээ болду.

Партиянын айрым мүчөлөрү Усмонзоданын төрагалыктан алынышына "анын жетектөөсүнө жана партиялык ишмердүүлүгүнүн ыкмаларына нааразылык" себеп болгонун билдиришти.

Усмонзода өзү курултайга катышкан жок жана анын добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча пикири белгисиз. Бирок бир нече күн мурда ал Шахбоз Аброр менен Абдуджаббор Юлдошев башында турган "кызыкдар топ" партиянын кезексиз курултайын өткөргөнү жатканын айтып, андагы бир дагы чечимди тааныбай турганын белгилеген. Анда "Тажикстандын элдик-демократиялык партиясынын" саясий кеңеши Усмонзоданын бул билдирүүсүн "уставдан тыш аракет" деп атаган.

Партиянын мүчөсү Зухро Мирзоева Усмонзода курултайга чакырылып, ага өз талапкерлигин коюу сунуштулганын, бирок ал келбегенин билдирди.

"Тажикстандын элдик-демократиялык партиясынын" жаңы төрагасы болуп шайланган 34 жаштагы Шахбоз Аброр буга чейин партиянын Душанбе шаарындагы бөлүмүн жетектеген. Учурда "Тажикфильм" студиясында иштейт. Ал аптасына бир жолу чыккан "Истиклол" гезитинин түптөөчүсү болуп эсептелет.

Расмий түрдө оппозициялык партия деп эсептелген "Тажикстандын элдик-демократиялык партиясы" 1991-жылы негизделген. Тажикстанда жарандык согуш аяктагандан кийин партияны Махмадрузи Искандаров жетектеген. 2006-жылы ал камакка алынгандан кийин партия эки канатка бөлүнүп, бирин Саидджафар Усмонзода, экинчисин Рахматулло Валиев жетектеп калган. 2013-жылы Юстиция министрлиги бир айлык текшерүүнүн жыйынтыгында партиянын жаңы уставын каттап, расмий түрдө төрага катары Саидджафар Усмонзоданы тааныган. Ал эки жылдан кийин тажик парламентинин төмөнкү палатасына депутат болуп шайланган.

Мурдагы демократтар Усмонзоданы "Тажикстандын элдик-демократиялык партиясын" бийликтин "чөнтөк" партиясына айлантууга айыптап келишет.

XS
SM
MD
LG