Бул тууралуу 23-июлда "Азаттык" радиосунун түркмөн кызматынын кабарчысы эки көз карандысыз булакка жана чек ара аймактарынын бир нече тургундарына таянып билдирди.
"Түркмөнстандын күч түзүмдөрү өзбек сим-карталарынын ээлерине каршы активдүү рейддерди баштады", - деп билдирди кабарчы.
Өзбекстандын уюлдук операторлорунун сигналдары Түркмөнстандын Дашөгүз жана Лебап облустарынын чек ара аймактарында жеткиликтүү. Бул жагдай аталган аймактардын тургундарына чектөөлөрдү айланып өтүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Ички иштер органдарындагы булак Өзбекстандын СИМ-карталарын Өзбекстанга такай саякаттап жүргөн түркмөн жарандары алып келерин билдирди.
Чек ара аймактарындагы тургундардын айтымында, Дашөгүз жана Лебап облустарында да Өзбекстандын сим-карталарын саткандар бар. Алар бирдик толуктоого да жардам беришет.
Ички иштер органдарындагы булактын айтымында, түркмөн бийлиги түркмөнстандыктар өзбек СИМ-карталары менен интернетти ээн-эркин пайдаланып, көз карандысыз маалымат каражаттарынын жана оппозициялык топтордун сайттарына кирип, түркмөн бийлиги каалабаган батыш өлкөлөрүндөгү уюмдар менен байланыша алат деп тынчсызданууда.
"Алтын Асыр" компаниясы Түркмөнстандагы жалгыз уюлдук оператор болуп саналат. Өлкө бийлиги жарандардын интернетке кирүүсүн катуу көзөмөлдөйт.