“Азаттык” радиосунун түркмөн кызматынын маалыматы боюнча, өтө оор эмгек шарты качууга себеп болгон. Жоокерлер түнү менен пахта терүүгө жөнөтүлүп, талаалардын жанындагы чатырларга жайгаштырылган.
Сентябрдын башында беш жоокер пахта теримден качып, бирок кармалып, ротага жөнөтүлгөн. Дагы бир пахта талаасынан топ жоокер Ашхабадга чейин жеткен, бирок алар да кармалган.
Тергөө иштери жүрүп, бир нече офицерге кылмыш иши козголгонуна карабастан, аскерлерди мажбурлап иштетүү уланууда. Түркмөнстанда пахтачылыкта мажбурлап иштетүү көп жылдардан бери сынга алынып келет. 16-сентябрдан тарта өлкөдө милдеттүү аскердик кызматка күзгү чакыруу башталды.