Ссылки доступа

Алишер Усмановдун адвокаттары Германия полициясынын бизнесмен тууралуу твитин өчүртүштү


Алишер Усманов
Алишер Усманов

Орусиялык миллиардер Алишер Усмановдун адвокаттары Германиянын кылмыш полициясы менен экономисти Андерс Ослунд жарыялаган твиттерди  өчүртүштү.

Жактоочулардын пикиринде, ЕБ Кеңеши бул твиттерди бизнесмен менен анын карындашы Гүлбахор Исмаиловага каршы санкция киргизүүгө негиз катары пайдаланышкан. Бул тууралуу РБК агенттиги билдирди.

Андерс Ослунд 2022-жылдын январындагы твитинде Алишер Усманов менен Роман Абрамовичти "Путиндин сүйүктүү олигархтары" деп атаган. Бизнесмендин адвокаттары белгилегендей, Евробиримдик Кеңеши Ослунддун постундагы "олигарх" деген сөздү Усмановго каршы санкция киргизүүдө негиз катары колдонуп, аны Орусия президенти менен "өзгөчө жакын байланышы бар" адам деп атаган.

2023-жылы сентябрда ЕБ Кеңеши Орусия менен байланышы бар 140 адамдан турган санкциялык тизмеден “олигарх” деген сөздү алып салган. Усманов жана башка орусиялык бизнесмендер Евробиримдиктин санкциялык документтеринде “алдыңкы бизнесмендер” деп аталып калды. Адвокаттардын талабы боюнча Ослунд "чындыкка дал келбеген маалыматты таркатпоого" милдеттендирилген.

Усмановго каршы санкция киргизүүгө Германиянын кылмыш полициясынын 2022-жылдын апрелинде жарыяланган твити да себеп болгон. Анда Усмановдун эжеси "Дилбар" яхтасынын ээси деп аталып, кийин аны немис бийлиги камакка алган.

Усмановдун адвокаттары яхта башкарууга берилген тарсттардын менчигинде экенин, Исмаилова Евробиримдиктин санкциялары киргизилгенден кийин трасттан чыгарылганын белгилешкен. Немис полициясы бизнесмендин адвокаттарынын талабына макул болуп, "Дилбар" яхтасы тууралуу твитин өчүрдү.

Орусия Украинага кол салгандан кийин "Путинге жакын адамдардын бири" катары Алишер Усманов батыш өлкөлөрүнүн санкциялык тизмесине киргизилген. Акыркы жолу 2023-жылдын апрелинде АКШнын Каршы министрлиги менен Улуу Британиянын өкмөтү Усмановдун USM холдингине санкция салган. Анда бул холдинг түптөгөн "Ахангаранцемент" жана Akkermann Cement CA ишканалары да санкциялык тизмеге кошулган.

Алишер Усманов Италиянын Corriere della Sera гезитине берген маегинде "Путиндин жакын адамдарынын бири экенин" четке каккан.

Forbes журналынын маалыматына ылайык, Усманов Орусиянын эң бай адамдарынын бири болуп эсептелет. Басылма анын байлыгын 14,5 миллиард долларга баалаган.

"Проект" долбоорунун журналисттик иликтөөсүндө Алишер Усманов орус армиясын каржылоого ачык катышып жаткан 81 олигархтын бири катары көрсөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG