Агенттик соода статистикасын анализдеп чыгып, түрк базарында Украинанын Орусия ээлеп алган аймактарынан көмүр жеткирүү менен алектенген бери дегенде эле 10 орус компаниясын тапкан. Көмүр Донецк жана Луганск облустарынан Ростов-на-Дону жана Новороссийск портторуна жеткирилип, андан ары жөнөтүлүп турган. Сатып алуучулар катары Гонконгдо, Бириккен Араб Эмираттарында, ошондой эле Британ-Виргин аралдары менен Белиздеги офшор аймактарда катталган компаниялар көрсөтүлгөн.
Журналисттер бул сатып алуучулар менен байланыша алган эмес жана алардын артында кимдер турарын аныктай алышкан эмес. Белиздин бийлиги ири көмүр сатып алуучу компания тууралуу соода реестриндеги маалыматтарды берүүдөн баш тарткан.
Түркия АКШ же ЕБ өлкөлөрү сыяктуу согуштун жүрүшүндө Орусия ээлеп алган украин аймактары менен соодалашууга чектөө киргизген эмес. Буга чейинки журналисттик иликтөөлөр түрк компаниялары Херсон жана Запорожье облустарынын Киев көзөмөлдөбөнгөн аймактарынан көмүр импорттоп жатканын ырасташкан.
Азырынча украин, түрк жана орус аткаминерлери Reuters агенттигинин көмүр импорту тууралуу иликтөөсү боюнча комментарий бере элек.
Reuters аныкталган көмүр партияларынын баасын 14,3 миллион долларга баалаган. Бул Орусиядан Түркия импорттолгон жалпы көмүрдүн 1% жакынын гана түзөт.