Ссылки доступа

Түркмөн бийлиги «троллдорду» колдоно баштады


Коомдогу социалдык-экономикалык көйгөйлөрдүн курчушу тууралуу кызуу талкуу жүрүп жаткан маалда түркмөн бийлиги “троллдорду” колдонууга өттү. Бул тууралуу “Азаттыктын”  түркмөн кызматы кабарлады.

Бюджеттик мекемелердин биринде компьютер адиси болуп иштеген редакциянын маектешинин айтымында, акыркы убакта расмий басылмаларда Бердымухамедовдор тууралуу жарыяланган маалыматтардын алдында авторитардык лидерди мактаган пикирлер көбөйө баштады.

«Комментарий калтырган колдонуучулардын дээрлик бардыгынын профили жабык, ал эми ачык жазгандар, сыягы, жогорку катмарга жакын блогерлер. Бул акыркы айларда ачык эле байкала баштады», - деген ал.

Интернетти жана социалдык тармактарды үзгүлтүксүз колдонгон марылык ишкердин айтымында, башкача ой жүгүрткөндөрдү, бийликти сындагандарды кемсинтип, каралап комментарий жазгандар да көбөйдү.

«Энергетика институтун бүтүп, Улуттук коопсуздук министрлигине жумушка орношкон досторумдун бири бул ишке көбүнчө жаштар тартыларын айтты. Ал ошондой эле бул иш-аракетти күчөтүү үчүн Орусиядан адис чакырылганын айтты», — дейт «Азаттыктын» түркмөн кызматынын кабарчысы менен анонимдүү маекте марылык ишкер.

Кыргызстанда да бийликти мактап, каршылашын каралаган фейктердин жана троллдордун фабрикасы бар экенин жөнүндө иликтөөлөр чыккан.

XS
SM
MD
LG