Ссылки доступа

Түркмөнстанда балдардын пахта терүүсүнө тыюу салынды


Түркмөнстанда 18ге чыга элек жарандардын пахта теримге катышуусуна тыюу салган мыйзам күчүнө кирди. Бул тууралуу өлкөнүн өкмөттүк басылмалары кабарлашты.

Маалыматка караганда, Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин чечими менен өспүрүмдөр үчүн тыюу салынган кесиптердин тизмесине "Пахта терүүчү" жана "Пахтачы" деген эки жаңы кесип киргизилди.

Пахта өндүрүү боюнча дүйнөдөгү 10 ири өлкөнүн катарына кирген Түркмөнстандын өкмөтү пахта терим учурунда жарандарын, анын ичинде балдарды мажбурлап иштеткени үчүн көп жылдан бери сынга кабылып келет.

XS
SM
MD
LG