Калаа башчысы кызматына былтыр мартта дайындалган Умурзаков коомчулукка көп чыкпаган жана ЖМКлар менен сүйлөшүүнү каалабаган аткаминер катары мүнөздөлүп келген.
Калаа акимчилигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Юнусабад районундагы маалелердин бириндеги көйгөйлөр менен таанышууга барган Шавкат Умурзаков санитардык-эпидемиологиялык жана өрттөн сактануу нормаларына жооп бербеген жана чириген жашылча-жемиштерди сатып жаткан дүкөндөргө көңүл бурган.
"Булардын элге эмне сатып жатканын карагылачы. Санитардык-эпидемиологиялык кызмат, Салык кызматы кайда? Кет бул жактан. Эртең адамдардын ууланышын каалап жатасыңарбы?!", - деген мэр соцтармактарга жарыяланган видеодо. Бул учурда анын көгөрүп кеткен өрүктөр менен кургап калган алмаларды сындап жатканын көрүүгө болот.
Аткаминердин кол алдындагы кызматкерлерге "феодалдык мамиле" кылганы жана жемиштер салынган кутуну ыргытып жибергени активисттердин нааразылыгын жаратты.
"Өзбекстандын баш калаасы Ташкенттин мэринин жүрүм-турумун карагылачы. "Кет бул жактан" дегени кандай? Негизи эле мэр жеке ишкердин же сатуучунун товарын алып, жерге ыргытууга укуктуубу. Ал бизге кызмат көрсөтүшү керек, бул үчүн салык төлөп жатабыз", – деп жазды журналист Анора Содикова.
Дагы бир журналист Шарофиддин Тулягановдун пикиринде, "шаар башчысынын жеке дүкөнгө кирип, андагы азыктардын сапаты жөнүндө сурап, кол алдындагыларга тапшырмаларды берип, мунун баары тартылган видеону соцтүйүндөргө чыгарганы өтө күлкүлүү. "Бул жөн гана пиар. Адамдарды чаташтырган мындай окуялар Түндүк Корея менен Түркмөнстанда гана болот", – деп жазды Туляганов.
"Ал мэр болсо да баары бир прокурорлук жүрүм-турумунан баш тарта албаптыр. Кантсе да буга чейин көп жыл прокуратурада иштеген да", – деп жазды журналист Миролим Исажонов.
Активисттердин көбү Ташкенттин мэрин сапатсыз жашылчалар менен алектенгендин ордуна начар жолдорго, электр энергиясы менен газ берүүдөгү мүчүлүштүктөргө, чириген канализациялык түтүктөргө, мыйзамсыз курулуштарга жана бак-дарактын кыйылып жатканына көңүл бурууга чакырышты.
"Юнусабад районунда чирик өрүктөр менен алмадан башка маанилүү маселелер бар", – деп жазды журналист Мухрим Азамхожаев.
Блогерлердин көбү Ташкенттин башчысын "базар экономикасынын мыйзамдарын түшүнбөйт жана жеке менчиктин кол тийбестигин бузду" деп айыпташты.
Активисттердин башка бир тобу маселе Умурзаковдун өзүндө эмес, системада деп эсептешет.
"Эгер мэрлик кызматка шайлоо аркылуу келишсе, алардын иш стили, адамдарга жана кол алдындагыларга карата мамилеси өзгөрөт. Алар шаар "атасынан калган үй эмес экенин" түшүнүп калышат", – деп жазды блогер Муродхожа Азимхожаев.