Ссылки доступа

Тажик балбанына Орусияга кирүүгө тыюу салынды


Рамазон Жумаев
Рамазон Жумаев

Тажик балбаны Рамазан Жумаев Краснодарда өтүп жаткан самбо боюнча мелдешке катышуу үчүн Орусияга кирүүгө уруксат ала алган жок. Анын документтерин текшергенден кийин орус чек арачылары аны киргизбей, кайра Душанбеге жөнөтүшкөн.

Аны менен бирге Тажикстандан дагы 12 мигрант болгон, алардын документтери да текшерүүгө алынган.

8-сентябрда эртең менен Жумаев дагы тогуз тажик мигранты менен бирге Душанбеге жөнөтүлгөн. Жумаевдин айтымында, паспортун кайтарып беришкенде документте депортация мөөрү болгон эмес.

Жумаев акыркы төрт жылдан бери Москвада жашап, эки ай мурун мелдешке катышуу үчүн Тажикстанга учуп кеткен. Орусияга киргизилбеген себебин биле алган жок. Бирок ал Москвада жашап жүргөндө кандайдыр бир эреже бузулган болушу мүмкүн деп болжоп жатат.

Рамазан Жумаев Тажикстандагы самбо жана дзюдо боюнча көптөгөн мелдештердин жеңүүчүсү.

XS
SM
MD
LG