Көп жылдан бери ишкерлик менен алектенип келген 65 жаштагы Муким Ашуров "Озоди" радиосуна билдергендей, ал кардарларынын бири жазган арыздын негизинде кармалган. Арызда кардар өкмөт башчынын кудасы сатып алган дүкөн үчүн ага 320 миң доллар бербей жатканына даттанган. Ашуров эки ай камакта болуп, арызда көрсөтүлгөн карызын төлөп бергенден кийин эркиндикке чыкты.
Ашуровдун балдарынын бири тажик премьер-министри Кохир Расулзоданын улуу кызына үйлөнгөн.
Муким Ашуров Кохир Расулзоданын айрым жакын туугандарынын Дубай, Душанбе жана Хоженттеги кымбат баалуу мүлктөрү тууралуу журналисттик иликтөө жарыяланган кийин камакка алынган. Ал иликтөө социалдык тармактардын тажик сегментинде чоң резонанс жараткан.