Бул тууралуу "Кавказ.Реалии" билдирди.
Басылманын маалыматына караганда, үйлөнүү үлпөтү толугу менен жашыруун шартта өттү: көп сандаган конокторго бул тууралуу сөз кылууга тыюу салынды. Кадыров өзү да алдыдагы тойлор жана болочок келиндери тууралуу эч нерсе айткан эмес.
"Новая газета Европа" басылмасы той күнү Чеченстандагы "Кавказ2 федералдык трассасы жабылганын маалымдады. Бирок ага карабастан, трассада авария катталган: жолдо бараткан Ford Focus жеңил унаасын жаңы үйлөнгөндөрдүн кортежиндеги брондолгон Rolls-Royce унаасы сүзүп кеткен. Андан соң жеңил унаанын айдоочусу ооруканага жаткырылган.
Оппозициялык чечен каналдары да Кадыровдун ортончу уулу Элинин үйлөнүү тою тууралуу жазышты. "Новая газета Европа" билдиргендей, Эли Кадыров Хеди Делимханованын кызы, Мамлекеттик Думанын депутаты Адам Делимхановдун улуу небересин алды. Журналисттердин ырасташынча, ал 14 жаштан аша элек.
Адам Кадыровдун жубайы, чечен сенатору Сулейман Геремеевдин кызы тууралуу маалымат жок. Сулейман Геремеев Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун эң жакын чөйрөсүндөгү адам жана Мамлекеттик Думанын депутаты Делимхановдун аталаш бир тууганы экенин "Кавказ.Реалии" басылмасы жазып чыкты.
Кадыровдун балдары жана жакындары маанилүү кызматтарга такай дайындалып, аймактык жогорку сыйлыктарды алып келишет. 2024-жылдын май айында анын тун уулу 18 жаштагы Ахмат Кадыров Чеченстандын дене тарбия жана спорт министри болгон. Өткөн жылы 16 жаштагы Адам Кадыров атасынын "коопсуздук бөлүмүнүн башчысы" жана шейх Мансур атындагы батальондун куратору болуп дайындалган.