Ссылки доступа

Тажикстан мурдагы террорчуларды реинтеграциялоо программасын иштеп чыгууда


Тажик өкмөтү мурдагы террорчуларды коомчулукка кайра кошуу программасын талкуулоодо.

Бул тууралуу Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун катышуусунда өткөн өкмөт жыйынында сөз болду. Жыйында “2024-2028-жылдарга Тажикстандын экстремисттик же террористтик өтмүшү бар адамдарды реабилитациялоо жана реинтеграциялоо программасы жөнүндө” өкмөттүн токтомунун долбоору талкууланды.

Бул программанын чоо-жайы жарыяланган эмес. Тажикстандын президентинин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө бул маселе боюнча тиешелүү чечим кабыл алынганы гана белгиленет.

Кайсы категориядагы адамдар жөнүндө сөз болуп жатканы жана программада экстремизм жана терроризм беренеси боюнча камалгандар камтылабы же жокпу азырынча белгисиз.

Тажикстандын өкмөтү менен кызматташкан БУУ сыяктуу эл аралык гуманитардык уюмдардын эксперттери буга чейин ИМ согушкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрүн кайра кайтаруу жана реабилитациялоо боюнча ушундай программаны кабыл алуу зарылдыгын айтып келишкен.

2018-жылдан кийин тажик бийлиги Сирия менен Ирактан Тажикстанга 300дөн ашуун аялдар менен балдарды кайтарган.

Тажикстандын мыйзамдарына ылайык, бул адамдар башка мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерге катышкан адамдардын категориясына кирет жана жоопко тартылышы мүмкүн.

Адистер алардын бардыгы социалдык жана психологиялык реабилитациядан өтүшү керек деп ишенишет.

XS
SM
MD
LG