Ссылки доступа

"Крокустагы" теракт боюнча айыпталган дагы беш кишинин аты-жөнү белгилүү болду


Москванын Басман райондук соту беш кишинин камактагы мөөнөтүн дагы үч айга узартты. Алар: Шахромжон Гадоев, Хусейн Хамидов, Зубайдулло Исмаилов, Мустаким жана Умеджон Солиевдер.

Москва сотторунун басма сөз кызматы алар "Крокус Сити Холл" концерттик залындагы теракт боюнча айыпталып жатканын билдирди. Буга чейин бул кишилердин теракт менен байланышы жөнүндө эч нерсе кабарланган эмес.

Күч түзүмдөрүнө жакын Baza телеграм-каналынын маалыматына караганда, шектүүлөр быйыл майдын ортосунда кармалган. Аларга "Теракт", "Террордук уюмдун ишмердүүлүгүнө катышуу" жана "Мыйзамсыз курал-жарак жана жардыруучу зат сатуу" беренелери боюнча айыптар тагылган.

"Крокустагы" теракт 2024-жылы 22-мартта болгон. Орусиянын Тергөө комитетинин маалыматына боюнча, анда бери дегенде эле 145 киши өлгөн. Алардын бир бөлүгүн кол салган адамдар атып салса, көбү имаратта чыккан өрттөн улам каза болгон. Теракт үчүн жоопкерчилиикти "Ислам мамлекети" террордук тобу өзүнө алган.

Теракт иши боюнча 1 700дөн ашык киши жабырлануучу деп табылган. Тергөө теракттын түздөн-түз аткаруучулары катары Мухаммадсобир Файзов, Далержон Мирзоев, Саидакрам Рачабализода жана Шамсидин Фаридунини аттуу жарандардын ысымын атаган. Алар кармалгандан кийин кыйноого кабылышкан.

XS
SM
MD
LG