Чектөөлөргө "Рафорт" компаниясынын ээси Рафаэль Газарян, ошондой эле "Технология" компаниясынын жетекчиси Алексей Буднев кирди. Мындан тышкары санкциялык тизмеге "Транс-Капитал" компаниясы менен бирге аталган уюмдардын өздөрү да киргизилген.
АКШнын Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, Газарян өткөн жылдын март айында Орусия менен Түндүк Кореянын ортосундагы курал-жарак келишимдерин жеңилдетүүгө аракет кылганы үчүн санкцияга кабылган Словакиянын жараны Ашот Мкртычев менен кызматташкан. 2023-жыл Газарян Мкртычев менен ушуга окшош транзакцияларды уюштуруу үчүн иштешкени айтылууда. Кошумчалай кетсек, Газарян "Транс-Капиталды" Түндүк Кореянын курал-жарак саткан компаниясына авиациялык тетиктери жеткирүү үчүн колдонгон.
Буднев 2023-жылдын мартында Түндүк Кореяда чыгарылган аскердик байланыш техникасын жеткирүүгө көмөктөшкөнү кабарланды.
Түштүк Кореянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, Орусия 2022-жылдан тарта Түндүк Кореядан 3 миллиондон ашык артиллериялык снаряд жана 500 миңден ашык көп ракеталык снаряд сатып алган болушу мүмкүн. Орусия өз кезегинде Түндүк Кореяны космостук технология менен камсыздап жатышы ыктымал. Москва менен Пхеньян муну расмий тастыкташкан жок.