Мамлекеттик катчы Энтони Блинкендин айтымында, Вашингтон Иран Израилге сокку урушу ыктымал деген кооптонуулардан улам чыңалууну басаңдатуу үчүн “күнү-түнү тынымсыз дипломатиялык иш” жүргүзүп жатат.
"Бардык тараптар эскалациядан алыс болушу керек. Бардык тараптар чыңалууну азайтуу үчүн чараларды көрүшү керек. Эч ким чыңалуунун күчөшүнө кызыкдар эмес. Бул чыр-чатактын, зордук-зомбулуктун көбөйүшүнө гана алып келет", - деп билдирди Блинкен.
АКШнын президенти Жо Байден дүйшөмбү күнү Ак үйдө өзүнүн улуттук коопсуздук командасы, анын ичинде Блинкен менен жолугуп, Жакынкы Чыгыштагы акыркы окуяларды талкуулады.
АКШнын Axios агенттиги билдиргендей, Байденге Ирандын ыктымал чабуулунун убактысы жана мүнөзү белгисиз бойдон калганы айтылды. Бир күн мурун Энтони Блинкен G7 боюнча союздаштарына Иран менен "Хезболла" Израилге 24-48 сааттын ичинде кол салышы мүмкүн экенин айтканы кабарланган.
5-августта Ирактагы америкалык аскерий базага ракеталык чабуул жасалганы кабарланды. Кеминде беш америкалык жарадар болду.