Ссылки доступа

БУУнун атайын баяндамачысы бейөкмөт уюмдардын жабылышы тууралуу Душанбеден жооп алды


Мэри Лолор
Мэри Лолор

БУУнун укук коргоочулардын абалы боюнча атайын баяндамачы Мэри Лолор Тажикстан бийлигине өлкөдөгү 700 коомдук уюмду жоюу боюнча жөнөткөн катына жооп келгенин билдирди.

Кат расмий Душанбеге быйыл 16-февралда жөнөтүлгөн жана жооп эки айдын ичинде жооп келиши керек болчу. Укук коргоочулар катта Тажикстанды жарандык коомго болгон мамилесин кайра карап чыгууга жана активисттерди атаандаш эмес, өнөктөш катары кароого чакырышкан. Алар тажик өкмөтүнөн акыркы беш жыл ичинде ишмердүүлүгү токтотулган коомдук уюмдардын саны жана өлкөдө укук коргоочулардын коопсуз ишмердүүлүгүн камсыздоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берүүнү суранышкан.

Лолор 8-майда «Х» социалдык түйүнүнө андан бери бул өлкөдө кеминде эле дагы бир коомдук уюм жабылганын жазды.

«Биз тажик бийлигинен жаңы эле жооп алдык, биз аны изилдеп чыгабыз», - деп жазды укук коргоочу.

Тажикстандын Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы 4,5 жылда Тажикстанда 715 уюм каттоодон өтүп, 1103ү өз ишин токтоткон. 2022-жылы дээрлик 500 уюм жабылып, 100дөн ашык бейөкмөт уюмдардын иши соттун чечими менен токтотулган. Жалпысынан учурда Тажикстанда расмий түрдө 2 миңге жакын коомдук уюм иштейт.

XS
SM
MD
LG