Ссылки доступа

БУУнун Коопсуздук кеңеши Газа тилкесинде ок атууну токтотуу жөнүндө резолюция кабыл алды


Дүйшөмбү күнү БУУнун Коопсуздук кеңеши тез арада Газа тилкесиндеги ок атууну токтотууну талап кылган резолюция кабыл алды.

Документте ХАМАС радикал тобунун колунда турган израил туткундарын эч кандай шартсыз бошотуу талабы жазылган. Мындан тышкары резолюцияда тараптар Орозо айында ок атышууну токтотуп, Газа тилкесине эч тоскоолдуксуз гуманитардык жардам жеткирүүнү камсыз кылышы керектиги белгиленген.

Резолюцияны Коопсуздук кеңешинин 10 мүчөсү даярдаган. Орусия текстке ок атууну "биротоло" токтотуу талабын киргизүүгө аракет кылып, бирок сунуш колдоо тапкан жок. Буга чейин бул сыяктуу резолюцияны кароодо вето укугун пайдаланган АКШ бул жолкусунда добуш берген жок.

АКШ сунуштаган резолюциянын буга чейинки вариантын Орусия менен Кытай четке каккан.

Израил Газа тилкесиндеги аскердик операциясын былтыр 7-октябрда ХАМАС тобу Газа секторунан кол салып, 1200 кишини, анын ичинде аялдарды, улгайган адамдарды жана балдарды өлтүрүп, 250дөй адамды Газага барымтага алып кеткенде баштаган.

Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемесинин маалыматына караганда, жалпысынан сектордо азыркы согуш башталгандан бери каза тапкандар 32 миңден ашты.

АКШ, Катар жана Египет аркылуу бир нече аптадан бери жүрүп келаткан сүйлөшүүлөрдөн майнап чыга элек. Алар Рамазан айы учурунда атышууну убактылуу токтотууга жетишүү аракетин көрүп жатышат.

XS
SM
MD
LG