"26-апрелден 30-апрелге чейин "Внуково" аэропортуна учуп барган 3 101 тажикстандыктын 643ү депортацияланса, дагы 117сине депортациялоо чечими чыкты. Ага чейин алар бир нече күн тиешелүү шарттар каралбаган жайда кармалып турушкан", – деп жазган басылма Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) билдирүүсүнө таянып.
Маалыматтарга караганда, тажик жарандары Москванын башка аэропортторунда да ушундай эле абалга кептелүүдө.
Күн мурун Тажикстан ТИМи мекеме башчысы Сирожиддин Мухриддин менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров телефондо сүйлөшкөнүн кабарлаган. "Интерфакс" Орусия ТИМине шилтеме кылып, бул сүйлөшүүнү орус тарап демилгелегенин жазды.
Буга чейин Орусиянын Тышкы иштер министрлиги өлкөгө кирип жаткан чет өлкөлүктөрдүн паспортторун кылдат текшерүүгө алуу чаралары убактылуу мүнөзгө ээ экенин жана ал кайсы бир улутка каршы багытталбаганын билдирген.
28-апрелде Тажикстан ТИМи Москвадагы "Внуково" аэропортунда 954 тажик жараны кармалып турганын, арасында Орусияда билим алып жаткан студенттер да бар экенин маалымдаган.
Мекеме 29-апрелде Орусиянын Душанбедеги элчиси Семен Григорьевге нааразылык нотасын тапшырып, "Орусиянын аймагында тажик жарандарына карата өзгөчө терс мамиле болуп жатканына, ошондой эле алардын укуктары менен эркиндиктери бузулуп жатканына байланыштуу олуттуу тынчсыздануусун" билдирген.