Бул тууралуу Bloomberg билдирет.
Агенттик 2021-жылы Цукерберг Фейсбук мета ааламын түзүү ниетин билдиргенин эскерет. Бизнесмендин идеясы аны 100 миллиард доллар таза байлыгынан ажыратышы мүмкүн болгон алешемдик сыяктуу көрүнгөн. Ошол эле учурда инвесторлор мета аалам идеясына ишенишкен жана ал өзүн актап жатат.
Bloomberg белгилегендей, Фейсбуктун башкы компаниясы болгон Metaнын акцияларынын рекорддук баасынын аркасында Цукербергдин таза байлыгы эки жылга жетпеген убакытта дээрлик алты эсеге өсүп, 201 миллиард долларга жеткен.
2022-жылдын ноябрында Metaнын акциялары 90 доллардан сатылган. Азыркы маалда бир баалуу кагаздын баасы 560 доллардан ашат.