Ссылки доступа

Украин качкындарына жардам берген орусиялык ыктыярчы тергөө абагында каза болду


Александр Демиденко
Александр Демиденко

Украин качкындарына жардам берген орусиялык ыктыярчы Александр Демиденко Белгород облусундагы тергөө абагында каза болду. Бул тууралуу "Вот Так" жана "Важные истории" басылмалары өз булактарына таянып кабарлашты.

Маалыматка караганда, Демиденко 5-апрелде эле көз жумган, бирок бул жөнүндө 8-апрелде адвокаты аялына кабар бергенде гана белгилүү болду.

Азырынча ыктыярчынын өлүмүнүн себеби белгисиз. Бийлик бул боюнча расмий комментарий бере элек.

Александр Демиденко "мыйзамсыз курал сатуу" айыбы менен 2023-жылдын октябрынан бери камакта отурган. "Важные истории" белгилегендей, жакында аны Санкт-Петербургга которуп, тагылган айыпты кыйла оор беренеге алмаштырууну пландап жатышкан.

Орусиянын Украинага каршы толук масштабдуу согушу башталгандан бери 61 жаштагы Демиденко согушка каршы митингдерге чыгып, украин качкындарынын мекенине кайтуусуна жардам берип келген. "Ал украин качкындарын чек арага чейин жеткирип турган. Ок атуулардан улам чек ара бекети жабылган учурларда анын үйүндө жалпысынан 900гө жакын киши түнөп кеткен", – деп жазды "Медиазона" басылмасы.

Демиденко Орусиянын "Колотиловка" көзөмөл-өткөрүү бекетинде өткөн жылы 17-октябрда жоголгон. Үч күндөн кийин полиция кызматкерлери аны үйүнө алып келишкен. Үйүн тинтүү учурунда граната жана 1940-жылдардагы жардыруучу заттар табылганы кабарланган. Ал маалда Демиденконун денесинде көптөгөн көгала тактар болгон.

20-октябрда Демиденко "Алкоголдук ичимдиктерди ичүү" тууралуу административдик берене боюнча 10 суткага камалган. 31-октябрда ал эркиндикке чыгып, бирок эртеси кайра кармалып, 30 суткага камакка алынган. Бул аралыкта ага "мыйзамсыз курал сатуу" айыбы тагылып, тергөө абагына камалган.

Ноябрда Демиденкого "Мамлекетке чыккынчылык кылуу" беренеси менен дагы бир кылмыш иши козголгону кабарланган. Бирок анда адвокаты бул маалыматты четке каккан. Андан бери ыктыярчынын камактагы мөөнөтү бир нече жолу узартылган.

XS
SM
MD
LG