Ссылки доступа

"Крокус" терактына байланыштуу иште жаңы айыпталуучулар пайда болушу мүмкүн


Мухаммад Шарифзода
Мухаммад Шарифзода

Москванын четиндеги “Крокус Сити Холл” концерттик залында болгон теракт боюнча жаңы айыпталуучулар пайда болушу мүмкүн. Бул тууралуу ТАСС иш материалдарына таянуу менен билдирди.

Ошол эле маалда кабарда айтылган Мухаммад Шарифзода ушул жылдын апрель айында камакка алынып, жакында сот анын камактагы мөөнөтүн ноябрга чейин узарткан.

Орусиянын Тергөө комитетинин маалыматы боюнча, айыпталуучу күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алды жана тергөө менен кызматташууга даяр.

Тергөө комитетинин Шарифзоданын камактагы мөөнөтүн узартуу тууралуу сотко жөнөткөн өтүнүчүндө Шарифзода М.З. тергөө органдарынан жана соттон жашырынып, кылмыш ишин улантып, кылмыштын башка белгисиз шериктери менен байланышып, али чогулуп бүтө элек далилдерди жок кылышы мүмкүн экени жазылган. Бул «иште жаңы айыпталуучулардын» болушу ыктымалдыгы тууралуу маалыматтардын чыгышына негиз болду.

19-августта Москванын Басман райондук соту Лутфулло Назирмад, Жумахон Курбонов, Екубжон Юсуфзода жана Мухаммад Шарифзоданын камактагы мөөнөтүн үч айга узартты.

“Крокус” концерттик залына кол салууга байланыштуу Тажикстандын 14 жараны камакка алынган. Учурда айыпталуучулардын бешөө күнөөсүн мойнуна албай, камакка алуу чечимине даттанганы белгилүү болду.

Быйыл 22-мартта Москва облусунун Красногорск шаарында “Крокус Сити” борборунун 6 миңдей көрүүчүгө эсептелген концерттик залында отургандарга кол салуу болгон. Төрт киши автоматчан кирип барып, адамдарды аткан жана өрт койгон видеолор тараган. Кеминде 144 адамдын өмүрү кыйылган.

XS
SM
MD
LG