Телеканалдар менен радиостанциялар эфирин токтотуп, өкмөттүк эмес басылмалардын жаңы сандары чыккан жок.
Буга чейин каржылык кыйынчылыктардан улам спорт темасында жазган эки алдыңкы гезит ишин токтотууга аргасыз болгон. Бүгүнкү күндө дагы жети жеке басылма жабылуу коркунучунда турат.
Сенегалдын Басылмаларды чыгаруучулар жана жайылтуучулар кеңеши бийлик "салык карызы бар" деген негизде жеке ЖМКлардын эсептерин бөгөттөп, жабдууларын конфискациялап, алар менен түзүлгөн жарнамалык келишимдерди токтотконун билдирди.
"Чек арасыз кабарчылар" уюмунун сөз эркиндиги боюнча рейтингинде Сенегал акыркы төрт жылдын ичинде 47-орундан 94-орунга төмөндөгөн.