Ссылки доступа

Орусияда "миграция кызматын алдоого үндөгөн" тажик блогеринин видеосу текшерилүүдө


Усмонджон Мирзомуродов
Усмонджон Мирзомуродов

Тергөө комитетинин Санкт-Петербург боюнча басма сөз кызматы Тажикстандан келген блогердин ишмердүүлүгүн иликтеп жатканын билдирди.

16-июнда аталган укук коргоо органынын Телеграм-каналында Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкиндин көрсөтмөсү менен тажик блогеринин социалдык тармактарда бөлүшкөн “миграция кызматын алдоонун ыкмалары” тууралуу видеоролиги текшерилери белгиленген.

Басма сөз кызматынын билдирүүсүндө блогердин аты аталбайт, бирок Телеграмдын орус сегментинде блогер Усмонжон Мирзомуродов экени айтылууда. Telegram каналдарда жарыяланган видеодо бул блогер эмгек мигранттарын видеодо көрсөтүлгөн WhatsApp номери менен байланышып, жасалма студенттик карталарды сатып алууга чакырат.

Мирзомуродов студенттик билет ар кандай текшерүүлөрдөн коргоого жардам берерин баса белгилейт. Бул мыйзамсыз аракеттерге чакыруу катары чечмеленүүдө.

Орусияда студенттер патент үчүн акча төлөөдөн бошотулган.

Бул видео азыр блогердин баракчасында жок. Азыр ал кайда экени белгисиз. Ал Instagram баракчасында «Озодинин» өтүнүчүнө жооп берген жок.

Усмонжон Мирзомуродов тажик жаштарынын арасында тамашалуу видеолорду жарыялоо менен белгилүү болгон. Анын Instagram баракчасында 800 миңден ашуун катталуучусу бар.


XS
SM
MD
LG