"Болашак" – казакстандыктарга мамлекеттик бюджеттин эсебинен чет өлкөдө билим алууга мүмкүндүк берген программа, бирок милдеттүү шарты бар: окугандан кийин стипендиат Казакстанда беш жыл иштеши керек. Эгер андай болбосо, окутууга кеткен акчаны кайтарып берүүгө туура келет.
Маалым болгондой, "Болошак" борборунун кызматкерлери программанын стипендиаттарынын бири, 24.KZ мамлекеттик телеканалынын мурдагы алып баруучусу Валерия Гавриленкого бул тыюуну айланып өтүүгө жардам беришкен. Кийинчерээк алар анын программага болгон 70 000 доллар карызын дагы эки казак журналистине оодарып коюуга аракет кылышкан.
Гавриленко 2016-жылы "Болашак" стипендиясынын ээси болгон. Улуу Британияда бир нече жыл окугандан кийин, кыз келишимдеги милдеттерин аткарбай, мекенине кайтып келген эмес. Ал кесиптештерине, башында каржылык жактан кепилдик берген дагы эки журналистке эч нерсе айткан эмес.
Натыйжада "Болашак" Гавриленконун эки батирин камакка алган. Бирок 2019-жылы Гавриленко Казакстанга кайтып келип, чектөөнү мыйзамсыз түрдө алдырууга жетишкен.
Ошондон кийин "Болашак" журналисттин карызын ага кепилдик берген кесиптештери Наталья Воробьева менен Макпал Дарибаевадан талап кыла баштаган.
Гавриленко "Болашакка" дээрлик 70 миң доллар карыз жана борбордун талабына ылайык, грантты тез арада кайтарып бериши керек. Кесиптешине кепил болгон журналисттердин мындай акчасы жок, азыр алар турак-жайынан ажырап калуу коркунучунда.
Бул маалымат коомчулукка белгилүү болгондон кийин жагдай бийликтин көңүлүн бурган. Казакстандын жогорку билим берүү министри Саясат Нурбек 30-майда Гавриленко ага жумшалган акчанын баарын бюджетке кайтарууга убада бергенин билдирди.