Ссылки доступа

АКШ Сенаты Украинага 61 млрд долларлык жардам берүүгө макул болду


АКШ Сенаты Украинага 61 миллиард доллар аскерий жардам бөлүүнү караган мыйзам долбоорун жактырды. Долбоорго 79 сенатор макул, 18и каршы добуш берди.

Өкүлдөр палатасы мыйзам долбоорун 20-апрелде жактырган. Эми документке президент Жо Байден кол коюшу керек. Ал мурдараак Украина, Израил жана АКШнын Инди-Тынч океан аймагындагы союздаштары үчүн кошумча каржылоо боюнча мыйзам долбоорлорун "чечкиндүү түрдө колдой турганын" жана Конгресстин эки палатасы жактыргандан кийин аларга "дароо" кол коюуга даяр экенин билдирген.

Мыйзам долбоору кабыл алынса АКШ администрациясы Конгресске 45 күндүн ичинде Украинаны колдоо стратегиясын сунуштап, көрсөтүлгөн жардамды кайтаруу боюнча Киев менен бир ай аралыгында келишим түзүшү абзел.

Убада кылынып жаткан 61 миллиард долларга жакын акчанын 23 миллиарды АКШнын Киевге буга чейин берген жардамынан кийин кыскарган аскердик запасынын ордун толтурууга жана 11 миллиарды америкалык аскерлердин украин жоокерлерин машыктыруусуна, АКШнын НАТОнун чыгыш флангындагы өлкөлөрүндөгү ишмердигин каржылоого жумшалат. 14 миллиардга жакыны заманбап куралдануу системаларын сатып алууга, 9 миллиарды насыя түрүндөгү экономикалык жардамга бөлүнөрү пландалууда. Мындан тышкары мыйзам долбоорунда Киевге алыс аралыкка учуучу ATACMS ракеталарын жеткирүү каралган.

Конгресс Украинага 60 миллиард доллар бөлүү боюнча мыйзам долбоорун 2023-жылдын аягында бөгөттөп койгон болчу. Согушту изилдөө институтунун маалыматы боюнча, бул фронттогу кырдаалга таасирин тийгизген: Украинада курал-жарактын жетишсиздиги пайда болуп, Орусия ушундан улам тактикалык ийгиликтерге жетише алган.

XS
SM
MD
LG