Ссылки доступа

Нью-Йоркто сот арачылары Трампты күнөөлүү деп тапты


Бейшембиде Нью-Йорк сотунун коллегиясы АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампка каршы козголгон кылмыш иши боюнча айыптоо тыянагын чыгарды.

Ал бардык 34 бөлүм боюнча күнөөлүү деп табылды. Бул – АКШнын тарыхында мурдагы президент кылмыш сотунда күнөөлүү деп табылган алгачкы учур.

Айыптоонун негизинде чыгарылган өкүм кийинчерээк, 11-июлда угузулары күтүлүүдө. Ошентип Трамп шайлоого чейин соттолушу мүмкүн. Ал айып пул төлөшү, шарттуу түрдө кесилиши же иш жүзүндө эркинен ажыратылышы мүмкүн.

12 сот арачысы тең айыптоо өкүмүн колдоп добуш беришти. Трамп 2016-жылкы президенттик шайлоонун алдында порноактриса Сторми Дэниелске 130 миң доллар төлөп бергенин жашырууга аракет кылган. Муну менен ал Дэниелс экөөнүн ортосунда он жыл мурда болгон интимдик катнаш тууралуу порно жылдыздын оозун жабууну көздөгөн.

Жактоочу тарап өкүм чыгарылгандан кийин доо арыз жазары күтүлүүдө. Трамп өзүнүн күнөөсүз экенин айтып, бул жараянды саясий деп атап, акча которуулар эсептик ката экенин билдирди. Ал сотто көрсөтмө берүүнү убадалап, бирок сөзүнө турган жок.

Порноактриса маселеси – Трампка каршы козголгон төрт кылмыш ишинин биринчиси. Башка айыптар боюнча сот жараяндары ноябрда боло турган президенттик шайлоого чейин башталышы күмөн.

XS
SM
MD
LG