Ссылки доступа

БУУнун Коопсуздук кеңеши Орусиянын космоско курал жайгаштырбоо тууралуу резолюциясын четке какты


Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя
Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя

БУУнун Коопсуздук кеңеши бардык өлкөлөрдү космоско курал-жарак жайгаштырууга жана аларды колдонууга тыюу салууга чакырган Орусиянын резолюция долбоорун четке какты.

Орусия даярдаган долбоорду Коопсуздук кеңешиндеги 15 өлкөнүн жетиси колдоду. Алардын арасында Кытай, Алжир жана Гайана бар. Дагы жети өлкө, анын ичинде АКШ, Улуу Британия жана Франция каршы добуш берсе, Швейцария добуш берген жок.

Резолюция БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчө өлкөлөрдүн тогузунун колдоосун тапканда жана туруктуу мүчөлөрдүн бири да вето койбогон шартта кабыл алынды деп эсептелинет.

Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя Москва сунуштаган резолюция долбоорунун четке кагылышы – АКШнын космосту милитаризациялоо ниетин далилдеп турганын билдирди.

Өз кезегинде британ делегациясынын мүчөлөрүнүн бири Орусиянын контррезолюциясын "Москванын өзөктүк түзүмү бар жаңы спутник иштеп чыгып жатканы жөнүндөгү билдирүүлөрдөн көңүлдү башкага буруу аракети" деп атады.

Апрелдин аягында Орусия БУУнун Коопсуздук кеңешинде космоско курал-жарак жайгаштырууга тыюу салуу тууралуу АКШ менен Жапония даярдаган резолюцияга вето койгон.

Анда Небензя документти колдоодон баш тартуу чечими боюнча түшүндүрмө берип, тыюу өзөктүк гана эмес, жапырт жок кылуучу башка да курал-жарактарга тиешелүү болушу керектигин айткан. АКШ резолюциянын текстине Орусия менен Кытайдын космоско курал-жарактын бардык түрүн жайгаштырууга тыюу салуу жөнүндөгү дагы бир пунктту кошуу сунушун киргизүүдөн баш тарткан.

Добуш берүүнүн алдында АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Роберт Вуд эгер Орусия каршы добуш берсе, анда "жашыра турган бир нерсеси бар" деген маселе жараларын айткан.

АКШ Орусия космоско жайгаштыруу үчүн спутникке каршы өзөктүк курал иштеп чыгып жатат деп эсептөөдө. Аны колдонуу – коммуникациянын бардык түрүн – аскердик байланыштан телефонияга чейин үзгүлтүккө учуратып, башаламандык жаратышы мүмкүн экени айтылган.

Өз кезегинде Москва мындай куралды иштеп чыгып жатканын четке каккан.

XS
SM
MD
LG