Инаугурациянын алдында Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Путин өкмөттүн жаңы башчысын 7-майда эле жарыялашы мүмкүн экенин айткан. 2018-жылы Путин кызматка киришкенден бир саат өткөндөн кийин эле жаңы өкмөт башчысы кызматына өз талапкерин сунуштаган.
Орусиялык ЖМКлар өз булактарына таянып, Путин премьер-министрди алмаштырбай турганын, Михаил Мишустин өз ордунда каларын кабарлап жатышат. "Коммерсантъ" жана "Медуза" басылмалары анын талапкерлиги жакынкы күндөрү – 8чи же 10-майда бекитилиши мүмкүн экенин жазышты.
Федералдык министрлерди кызматка президент өзү дайындайт – Тышкы иштер министрлиги менен күч түзүмдөрдүн башчыларын Федерациялар Кеңеши менен макулдашкандан кийин дайындаса, калганын өкмөт башчысынын сунушу менен Мамлекеттик Дума бекитиши керек.
7-майда Кремлде бешинчи президенттик мөөнөткө киришкен Владимир Путиндин инаугурациясы өттү. Анын бул жолку президенттик мөөнөтү 2030-жылы аякташы керек.
Кремлде уюштурулган иш-чарага бардык чет мамлекеттердин Орусиядагы өкүлдөрү чакырылган, бирок Батыштын көпчүлүк өлкөлөрү – АКШ, Улуу Британия жана Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин дээрлик баары ага катышуудан баш тартышты.
Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясы менен Европарламент Орусияда өткөн президенттик шайлоонун легитимдүүлүгүн тааныган эмес.
"Дождь" телеканалынын маалыматына караганда, инаугурация учурунда Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунун алдында нааразылык акциясы өтүп, анын катышуучулары Путинди Кремлге эмес, түрмөгө отургузууну талап кылышты.