Ссылки доступа

"Крокустагы" терактка айыпталгандарды "азгырган" телеграм-каналга катталган тажик жараны Орусиядан чыгарылат


Санкт-Петербургдун Приморье райондук соту миграциялык мыйзамдарды бузууга айыпталган Тажикстандын жараны Ахмад Файзулохонзодага 5 миң рубль өлчөмүндө айып пул салып, аны өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Петербург сотторунун басма сөз катчысы Дарья Лебедева билдирди.

Анын айтымында, Файзулохонзода "Ислам мамлекети" террордук тобу "Орусияда теракт жасоо үчүн" адамдарды азгырган телеграм-чатка катталганы аныкталган. "22-мартта "Крокус Сити Холлдогу" терактты жасаган адамдарды дал ушул канал аркылуу азгырышкан", – деп жазды Лебедева.

Маалыматка караганда, Файзулохонзода Орусияга 2024-жылы 19-январда барып, иштөө үчүн патент алган. Аны жоопкерчиликке тартууга миграциялык каттоого өзү жашаган жерге эмес, башка дарекке турганы себеп болгон.

22-мартта "Крокус Сити Холл" концерттик залында болгон терактта бери дегенде эле 143 киши өлүп, дагы 190дой адам жараат алган.

Бул кол салуу үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" террордук тобу өзүнө алган. Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы элди аткылоого шек саналган 11 киши кармалганын, алардын төртөө "террордук актыны ишке ашырууга түздөн-түз катышканын" маалымдаган. Төртөө тең Тажикстандын жараны экени аныкталып, эки айга камакка алынган. Эртеси дагы үч тажик жараны камалган. 26-мартта Орусиянын Тергөө комитети "Крокус Сити Холл" борборундагы кол салууга байланышы бар деген негизде сегизинчи шектүүнү да камоону өтүнүп, Москванын Басман райондук соту теги кыргызстандык орус жараны Алишер Касимовду эки айга камакка алган.

Теракттан кийин Орусияда Борбор Азия өлкөлөрүнөн барган мигранттарга карата ксенофобиялык мамиле күчөгөнү байкалууда. "РИА Новости" агенттиги Орусиянын Тышкы иштер министрлигиндеги өз булактарына таянып, теракттан улам өкмөттүк түзүмдөр аркылуу келген мигранттардын агымына көзөмөл күчөтүлүшү мүмкүн экенин жазган. Ал арада Мамлекеттик Думанын депутаттары мигранттардын өлкөгө кирүү тартибин катаалдатууну жана мигранттарды депортациялоонун критерийлерин кайра карап чыгууну сунушташты.

27-мартта күч түзүм кызматкерлери мигранттардын документтерин текшерүү үчүн Подмосковьедеги Wildberries кампасында рейд жүргүздү.

Ырчы Манижа Москвадагы теракттан кийинки ксенофобия жөнүндө айтты: "Адам өлтүргүчтүн улуту болбойт, биз адам бойдон калууга милдеттүүбүз"

XS
SM
MD
LG