Бул тууралуу 72.RU ал кишинин тааныштарына таянуу менен билдирди.
“Ал Астанада жашап жаткан. Аны ошол жерден кармап, Приозерск шаарына жеткиришип, андан ары Орусияга алып кетишти. Ал күнөөсүн мойнуна алды”, –деген басылманын маектеши.
Касимов 2023-жылы Украинага каршы согушка катышпоо үчүн Орусиядан качып кеткен. Быйыл 23-апрелде анын жумушуна төрт белгисиз адам келип, сүйлөшүп, жарандык унаага салып алып кетишкен.
Алгач аны Казакстандын Приозерск шаарына алып барышкан, ал жерде Орусиянын аскер бөлүгү жана Орусиянын Коргоо министрлиги колдонгон аэродром жайгашкан. Анан Омскиге алып кетишкен. "Важные истории" басылмасы Казакстандын мыйзамдарына ылайык, аскердик кылмыштардын экстрадиция беренелерине тиешеси жоктугун, ошондуктан ал мыйзамсыз чыгарылып кеткен болушу мүмкүн экенин белгилейт.
2022-жылы декабрда Казакстан мобилизациядан качып келген Орусиянын Федералдык күзөт кызматынын майору Михаил Жилинди мекенине депортациялаган. Андан соң Орусияда Барнаул гарнизонунун аскердик соту Жилинди алты жарым жылга эркинен ажыраткан.